super.kg logo

"ОК Платформасы" аркылуу каражат көбөйтүүнү убада кылган жаран кармалды

 

"ОК Платформасынын" сайты аркылуу каражат көбөйтүүнү убада кылган жаран алдамчылыкка айыпталууда. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

Кабарга таянсак, Ж.К. аттуу жаран ИИМдин Тергөө кызматына кайрылып, С.Эгембердиевге карата чара көрүүнү суранган. Анда ал 2022-жылдын сентябрь-ноябрь айына чейин «ОК Платформасынын» сайты аркылуу каражаттарды көбөйтүү шылтоосу менен пирамидалык схеманы уюштуруп, алдамчылык жолу менен 23 000 доллар акчасын ээлеп алган.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 221-беренеси (финансы пирамидаларын уюштуруу) менен кылмыш иши козголгон.

Шектүү С.Н.Эгембердиев 2022-жылдын 24-декабрында кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилген. 18-январда Биринчи Май райондук сотунун чечимине ылайык, тергөө изоляторуна кармоо мөөнөтү ушул жылдын 24-февралына чейин узартылган. Андан тышкары 35 кылмыш иши козголуп, алар бир өндүрүшкө бириктирилген.

Айыпталуучу С.Эгембердиевге жана башка адамдарга карата республиканын ички иштер башкармалыгынын шаардык райондук бөлүмдөрүнө жана Башкы прокуратурасына арыздардын жана кылмыш иштеринин кабыл алуу уланууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
08.02.2023. 13:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
wow..
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: