Бишкекте алдамчылык үчүн мекенинде издөөдө жүргөн Казакстандын жараны кармалды
Бүгүн, 8-февралда Бишкекте алдамчылык үчүн мекенинде издөөдө жүргөн казакстандык жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясынын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалымдалгандай, ал чек араны мыйзамсыз кесип өткөн.
"Милиция УКМК менен биргеликте Казакстандын 1988-жылы туулган О.К. аттуу жаранын кармады", - деп айтылат билдирүүдө.
Кармалган жарандын Казакстанда ири өлчөмдө алдамчылык кылганы үчүн издөөдө жүргөнү маалымдалды.
Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:44
2025-06-26
12:02
2025-06-26

11:23
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.