super.kg logo

Кыргыз-казак чек арасында баңгизат менен кармалгандар 13 жылга кесилди

 
Кыргыз-казак чек арасынан 11 килограмм баңгизат менен колго түшкөн жарандар 12 жана 13 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу бүгүн, 8-февралда УКМКнын маалымат кызматынан кабарлады.
Маалыматка ылайык, Талас облусунун Кара-Буура райондук соту 30-январда төрт айыпталуучуга карата өкүм чыгарган. Алар УКМК кызматкерлери тарабынан өткөн жылдын 3-февралында салмагы 11 килограммдай үч таңгак баңгизатын Аманбаев атындагы чек ара бекетинен мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган учурда кармалган.
"Кара-Буура районунун тургундары А.М.А., К.К.М., О.А.Ы. жана Ж.Э.Р. Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (Сатуу максатында баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын окшошторун мыйзамсыз даярдоо) менен айыпталган. Тергөө жана соттук териштирүүлөрдө кылмыш иши боюнча соттолуучулардын күнөөсү толук далилденди", - деп айтылат маалыматта.
Атап айтканда, А.М.А. аттуу жаран 12 жылга кесилип, 1 миллион сом айып салынган. УКМК кызматкерлерине пара катары сунуштаган 2 миллион 745 миң сом жана 2 миң доллары мамлекеттик бюджетке алынганы кошумчаланды. Ал эми К.К.М., О.А.Ы. жана Ж.Э.Р. мүлктөрүн конфискациялоо менен 13 жылга эркинен ажыратылган.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: