super.kg logo

Ошто такси айдоочуларын алдап жана тоноп жүргөндөр кармалды (фото)

 

Ош шаарында такси айдоочуларын алдап, ошол эле маалда тоноп жүргөн жарандар кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка ылайык, милицияга 1999-жылы туулган жаран арыз менен кайрылган. Арызында ал шаардын аймагында такси кылып жүргөн учурда эки бейтааныш бала келип, Курманжан Датка кичи шаарчасына жеткирип коюуну айткан. Кичи шаарчага жеткен соң таксисттин Редми 9s үлгүсүндөгү телефонун сүйлөшүп алуу үчүн сурап туруп, белгисиз тарапка качып кетишкенин билдирген. Ушундай эле арыз менен дагы бир жаран милицияга кайрылган.
Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү катары Жалал-Абад облусунун 2001-жылы туулган И.А. жана 1998-жылы туулган Т.Д аттуу тургундары кармалды.
"Алгачкы сурак иштерин жүргүзгөн учурда телефонду күрөөканага коюп коюшканын айтышты. Бүгүнкү күндө далил буюм катары кол телефон күрөөканадан алынды. Аны менен чогуу капчык, капчыктын ичиндеги жабырлануучуга таандык болгон документтер дагы алынды. Шектүү катары кармалган жарандар Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди", - деп билдиришти шаардык милициядан.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: