super.kg logo

Жалал-Абадда каракчылыкка шектелип 5 жаран кармалды

 

Жалал-Абадда каракчылыкка шектелип 5 жаран кармалды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына облустук милициядан билдиришти.

"Былтыркы жылдын 7-декабрь күнү саат 22:00 чамаларда Базар-Коргон районунун 20 жана 19 жаштагы 4 тургуну Жалал-Абад шаарындагы боулинг оюн ойноочу жайында ойноп жаткан учурда ошол жерди иштеткен Сыймык аттуу бала 4 шериги менен уруп тепкилешип, бычак такап коркутушуп, жалпы баасы 50 миң сомдук 3 телефон, 2400 сом накталай акчасын жана спорттук кийимин карактап алып коюшкан", - деп айтылат маалыматта.

Бул факты "каракчылык" менен катталып, кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында кылмыш ишине шектелип, Базар-Коргон районунун 5 тургуну кармалган. Алар Талды-Булак айыл аймагынын тургундары 2000-жылы туулган Т.К., 2003-жылы туулган С.К., 2005-жылы туулган М.М., М.С. жана Акман айыл аймагынын тургуну 2005-жылы туулган М.Б. экендиги такталып, далил буюмдар алынган.

Шектүүлөр ушул жылдын 3-февраль күнү Жалал-Абад шаардык соту тарабынан 13-февралга чейин убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Азыркы учурда тергөө амалдары жүрүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: