super.kg logo
  Саясат  

Депутат: "65 памирлик кыргыз Файзабадда паспорт ала албай отурушат"

 

Азыркы учурда 65 памирлик кыргыз Ооганстандын Файзабад шаарында документ ала албай кыйналып турат. Бул тууралуу бүгүн, 9-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Чолпон Султанбекова билдирди.

"Учурда 65 памирлик кыргыз Файзабадда паспорт ала албай отурушат. Баарынын каражаттары түгөнүп, балдары ооруп жатыптыр.

Кыргызстанга келебиз деп малын сатышкан. Бирок паспорт маселеси чечилбей жатат. Биз аларга жардам беришибиз керек деп ойлойм", - деди Султанбекова.

Эл өкүлү президенттин жана министрлер кабинетинин парламенттеги туруктуу өкүлү Алмаз Абытовго кайрылып, аталган маселени тез арада чечип берүүнү суранды.

Өлкө башчынын маалымат кызматы буга чейин Ооганстандын кичи жана улуу Памиринин аймактарынан бардык этникалык кыргыздарды толугу менен көчүрүү үчүн бардык зарыл чараларды көрүп жатканын айткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: