Депутат Абиров: "Бишкекте 2 280 батирлүү турак жайдын жашоочулары жылуулуксуз калды"
Бишкекте 2 280 батирлүү турак жайдын жашоочулары жылуулуксуз калды. Бул тууралуу бүгүн, 9-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында эл өкүлү Жаныбек Абиров билдирди.
"Жал кичи районундагы Тыналиев көчөсү, 1/3 дарегинде "Аалам строй" курулуш компаниясы 2 280 батирлүү турак жай курган. Келишим боюнча аталган ишкана объектти 2016-жылы пайдаланууга киргизүү, жылуулукка туташтыруу боюнча милдеттенмелерди алган. Бирок ушул күнгө чейин үй пайдаланууга берилбей, мындан улам жарандар жылуулукка кошула албай келишет. 2022-жылдын 26-ноябрында алар коммерциялык тарифтер боюнча жылуулукка кошулууга аргасыз болушкан, бирок кымбатчылыктан улам бул кызматтардан баш тартышкан. Азыр үйдө жылуулук жок", - деди Абиров.
Ошондой эле ал жооптуу жетекчилерди бул маселени көзөмөлгө алууга чакырды.
Белгилей кетсек, буга чейин аталган көп кабаттуу турак үйдүн жашоочулары SUPER.KG порталына кайрылып, жылуулукка коммерциялык тариф менен бир айга 8 миң сом төлөп жатканын айтып, тургундардын көйгөйүн бийликке жеткирүүнү өтүнгөн эле.
Жогорку Кеңеш 09.02.23.
