Бишкектеги "Азия Молл" соода борборунан чыккан өрт өчүрүлдү
Бишкектеги "Азия Молл" соода борборунан чыккан өрт өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Буга чейин Чыңгыз Айтматов №3 дарегинде жайгашкан соода борбордун чатырынан өрт чыккандыгы кабарланган. Өрттү өчүрүүгө жалпы 4 өрт өчүрүүчү бөлүм, 1 автошаты, штаб жана ыкчам топ тартылган.
"Соода борбордун үчүнчү кабатында жайгашкан тамактануучу жайдагы түтүн чыгуучу жери түтөгөн жана коопсуздук кызматы тарабынан соода борбордогу бардык жарандар өз убагында эвакуацияланган, жабыркагандар жок. Өрт өчүрүүчүлөрдүн ыкчам иш-аракеттеринен саат 17:28де өрт чектөөгө алынып, саат 18:00дө толук өчүрүлдү", - деп айтылат маалыматта.
Өрттүн аянты болжол менен 20 чарчы метрди түзгөнү кошумчаланды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:44
2025-06-26
12:02
2025-06-26

11:23
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.