super.kg logo

Түркиядагы кийинки катуу жер титирөө кайсы жерде болушу мүмкүн экени айтылды

 

Түркияда кезектеги масштабдуу жер титирөө Дарданел дарыясынын жээгиндеги Чанаккале порт шаарына жакын жерде болушу мүмкүн. Бул тууралуу РИА Новостиге түрк сейсмологу Доган Перинчек билдирген.

Анын айтымында, болжол менен 250 жылда бир жолу аталган аймакта күчү 7 баллга жакын катуу жер титирөө болуп турат, акыркысы 287 жыл мурун болгон.

"Убакыт келди, жер титирөө каалаган учурда башталышы мүмкүн. Мрамор деңизинде жасаган байкоолорум бул божомолду ырастайт.

10 жылдан ашык убакыттан бери атайын карталардын жардамы менен өлкөдөгү сейсмикалык активдүүлүккө күн сайын мониторинг жүргүзүү жана анализдөө менен алектенип келем. Үч жылдан бери Чанаккаледе жер титирөөнү алдын ала айтып келем", - деген ал.

Ошондой эле ал Түркиядагы жер титирөө аянты боюнча Түркиянын тарыхында биринчи жолу болгонун белгилеген.

Акыркы маалыматтар боюнча Түркиядагы жер титирөөдөн каза болгондордун саны 20 миңге чукулдады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: