Кыргызстандан Өзбекстанды бириктирип турган тоннель табылды (видео)
Кыргызстандан коңшу Өзбекстанга жер асты менен өтүүчү тоннель табылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, тоннель чек арага жакын жайгашкан үйдөн табылган. Тоннель түштүк Фергана каналынын астынан өткөн жана анын чыга турган жери Өзбекстандын аймагындагы айылдардын биринен табылган.
Тоннелдин бийиктиги 1,5 метрге чейин, туурасы 80 сантиметрге чейин болуп, ичинде тепкичтер жасалган. Алдын ала маалыматтар боюнча тоннелдин узундугу 200 метрге чейин жетет.
Бул факты боюнча Чек ара кызматы жана УКМК тарабынан тиешелүү чаралар көрүлүүдө.
Кыргызстан менен Өзбекстанды бириктирип турган туннел табылды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:29
2025-06-24

15:38
2025-06-24

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.