Алмазбек Исманкулов менен мэриянын кызматкерлерине иш козголду

Маалыматка ылайык, Башкы прокуратура тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө "Көз микрохирургиясы" госпиталынын жетекчиси А.Исманкулов менен Бишкек шаардык мэриясынын түзүмдүк бөлүктөрүнүн бир нече жооптуу кызмат адамдары материалдык кызыкчылыктарды жана башка артыкчылыктарды мыйзамсыз алуу максатында кылмыштуу аракеттерге барышкандыгы аныкталган.
"Бишкек шаарынын №6 клиникалык ооруканасынын 2-корпусунун имараты жеке жактарга ижарага берилүүгө жатпагандыгына жана ооруканаларда орундардын кескин жетишсиздигине карабастан, ижара акыларын атайлап азайтуу менен мыйзамсыз ижарага беришип, мамлекетке 93 миллион 162 миң 576 сом материалдык зыян келтирилгендиги аныкталган", - деп айтылат маалыматта.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси ("Коррупция") менен кылмыш иши козголуп, учурда тергөө амалдары жүрүп жатканы кошумчаланды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:44
2025-06-26
12:02
2025-06-26

11:23
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.