super.kg logo
  Саясат  

Акылбек Жапаров Словениянын тышкы иштер министри менен жолукту

 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Словения өкмөтүнүн төрагасынын орун басары жана тышкы иштер министри Таня Файон менен жолугушту. Бул тууралуу бүгүн, 11-февралда өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлады.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө саясий, соода-экономикалык, инвестициялык жана башка өз ара кызыкчылык туудурган тармактарда эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыкты арттыруу маселелери боюнча пикир алмашуу болду.

Акылбек Жапаров билдиргендей, Кыргызстан Словения менен соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар. Буга байланыштуу өкмөт башчы соода-экономикалык жана өндүрүштүк-инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүүгө жаңы дем берүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Өз кезегинде Таня Файон Словениянын делегациясынын Кыргызстанга болгон иш сапары ийгиликтүү болгонун айтты, анын курамында эл аралык ири компаниялардын өкүлдөрү да бар. Ал келерки жылы эки өлкө ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнө 30 жыл толорун, ага байланыштуу жемиштүү кызматташууну улантууга жакшы негиз бар экендигин белгиледи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: