UFC: Хабиб Нурмагомедовдун жакын досу жеңилүү ызасын тартып калды
Бүгүн, 12-февралда Австралияда "UFC 284" турнири өтүп жатат.
Алдын ала беттештердин алкагында орусиялык мушкер Зубайра Тухугов жеңил салмакта дебют жасап, бразилиялык Элвис Бренер менен кез келди. Анда беттеш үч бөлүккө тең созулуп, калыстардын чечими менен бразилиялык мушкер жеңишке жетти.
Белгилей кетсек, Зубайра Тухугов бул турнирде көрсөтүлгөн салмакты ишке ашыра албай калган. Мындан улам ал алган гонорарынын 30 пайызынан ажырайт.
Турнирдин негизги беттешинде орусиялык мушкер Ислам Махачев менен австралиялык Александр Волкановски кез келет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.