"Апасы менен агасы каза болгон". Кыргыз куткаруучулары 7 жаштагы баланы тирүү алып чыгышты (видео)
Түркиянын Кахраманмараш шаарында Кыргызстандын куткаруучулары 7 жаштагы баланы тирүү таап чыгышты. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, куткаруучулар баланы бүгүн, 12-февраль Бишкек убактысы боюнча саат 02:30 чамасында урандылардын астынан аман-эсен алып чыгышкан. Тилекке каршы, баланын апасы менен агасынын жансыз денеси урандылардын алдынан табылып, чыгарылды.
Муну менен Кыргызстандан барган куткаруучулар үчүнчү адамды урандылардын алдынан тирүү таап чыгышты. Куткаруу иштери 24 саат бою үзгүлтүксүз жүрүүдө.
Кыргыз куткаруучулары 7 жаштагы баланы тирүү алып чыкты
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.