super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаров бүгүн Венгрияга барат

 

Өлкө башчы Садыр Жапаров 12-14-февралда Будапештке (Венгрия) расмий сапар менен барат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

"Иш сапарынын алкагында Садыр Жапаров Венгриянын президенти Каталин Новак менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Президенттер эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, ошондой эле кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашат.

Президент Садыр Жапаровдун Венгриянын Улуттук Ассамблеясынын спикери Ласло Кевер жана премьер-министр Виктор Орбан менен жолугушуусу да пландалууда.

Бир катар эки тараптуу документтерге кол коюу пландалган. Мындан башка бул күндөрү Будапештте кыргыз жана венгриялык ири компаниялардын катышуусунда бизнес-форум өтөт", - деп билдирди Муратбек Азымбакиев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: