UFC: Ислам Махачев Александр Волкановскини жеңди
Бүгүн, 12-февралда Австралиянын Перт шаарында UFC 284 турнири болуп өттү.
Бул турнирдин негизги беттешинде орусиялык мушкер Ислам Махачев австралиялык Александр Волкановски менен кез келди. Беттеш 5 бөлүккө тең созулуп, калыстардын чечими менен Махачев жеңишке жетти.
Муну менен Ислам Махачев биринчи жолу чемпиондук наамын коргоду. Бул Махачевдин карьерасындагы эң оор беттештердин бири болду.
Белгилей кетсек, 34 жаштагы Волкановски үч жылдан ашык убакыттан бери жеңил салмактагы чемпиондук титулга ээ.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.