super.kg logo

Жер титирөөнүн очогу болгон Түркиянын Кахраманмараш шаарынын абалы (видео)

 

Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркаган Кахраманмараш шаарында куткаруу иштери улантылып жатат. Анда жергиликтүү куткаруу тобу чет өлкөдөн барган куткаруучулар менен бирге иш алып барууда.

Кахраманмарашка Кыргызстандан гуманитардык жардам алып барган Аскарбек Куручбеков абал оор экенин, элге кийим-кече жана акчалай жардам керектигин белгиледи.

"Чындыгында абал оор. Учурда жеринде чет өлкөдөн келген куткаруучулар эл менен бирге иш жүргүзүп жатышат. Азыр элге кийим-кече жана акчалай жардам керек экен. Анткени каражатка өз керектөөлөрүн сатып алганга", - деди ал.

Түркияда 6-февралда катуу жер титирөө катталган. Жер силкинүүнүн очогу Түркиянын түштүк-чыгышындагы Газиантеп шаарынан 26 чакырым алыстыкта, Сирия менен чек арага жакын жерде орун алган. Буга байланыштуу Түркияда 7 күндүк аза күтүү жарыяланган. Учурда куткаруу иштери жүргүзүлүүдө. Кыргызстан жабыр тарткан түрк калкына көмөк берүү үчүн алгач 63 куткаруучусун жөнөттү. Алар Кахраманмараш шаарында кызмат кылууда. Экинчи жолу ӨКМнын 80 куткаруучудан турган тобу жөнөтүлдү. Алар Газиантеп шаарында жардам көрсөтөт.

Мындан тышкары кыргыз бийлиги Түркияда жабыркагандарга жардам берүү максатында депозиттик эсеп ачып, жер-жерлерде гуманитардык жардамдарды топтоо иштерин жүргүзүүдө.

Акыркы маалыматтар боюнча жер титирөөдөн каза болгондордун саны 29 миң 605 адамга жетип, 100 миңден ашык адам жаракат алган.






Жер титирөөнүн очогу болгон Түркиянын Кахраманмараш шаарынын абалы

Кахраманмараш шаары

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: