"Топурактын арасынан таптык". Түркияда 159 сааттан кийин табылган 3 жашар наристенин видеосу
Түркияда жер титирөөдөн 159 саат өткөндөн кийин 3 жаштагы Явуз Камбаз аттуу наристе урандылардын алдынан тирүү табылды. Бул тууралуу түрк басылмалары жазып чыкты.
Анда окуя Кахраманмараш шаарынын "Он эки шубат" районунда орун алганы айтылат. Наристе Тажикстан менен Түркиянын куткаруучулары тарабынан жүргүзүлгөн издөө-куткаруу иштеринин алкагында табылган.
"Топурактын арасынан таптык. Баланын абалы жакшы. Тирүү, ал тургай күлүп жатат", - деди куткаруучулардын бири.
Белгилей кетсек, 6-февралда Түркиянын түштүк-чыгышында күчү 7,7 жана 7,6 баллга жеткен катуу жер титирөө болгон. Жер силкинүү Сирия менен чек арага жакын жерде орун алган.
Соңку маалыматтарга караганда, Түркияда 29 миң 605 адам мерт болду, ал эми Сирияда 8,5 миңге жакын кишинин сөөгү табылганы айтылууда
Видео: ТРТ Хабер
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:16
2025-06-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.