super.kg logo

Чүйдө 300дөн ашуун адам митингге чыкты (видео)

 

Бүгүн, 13-февралда Бишкектин чет жакасындагы Өскөн-Ордо конушунун 300дөн ашык тургуну нааразычылык акциясына чыкты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына акциянын катышуучулары билдирди.

Алардын айтымында, митингге чыгуусуна үйлөрүнүн документтери бүтпөй, кызыл китеп ала албай жүрүшкөнү себеп болгон.

"Аламүдүн районуна караштуу Өскөн-Ордо конушунда алды 17 жылдан бери эл жашайт. 800дөн ашык түтүн үй бар. Сегиз айдан бери үйүбүзгө документ ала албай жатабыз. Кошуна конуштардын бардыгы алды, биз эле калдык. Мунун түйшүгүн көп тарттык. Бул жакта каттоого турбагандыктан улам ооруканага барсаң да карабайт, тез жардам чакырсаң келбейт, ал тургай шайлоого да катыша албайбыз", - деди акциянын катышуучуларынын бири.

Ошондой эле аталган конушта азыркыга чейин таза суу жок экенин, жол, электр жарыгы өңдүү көйгөйлөрдү тургундар өздөрү акча чогултуп бүтүргөнүн белгилеп, жергиликтүү бийлик тийиштүү деңгээлде карабай жатканын айтышты.

Акциянын жүрүшүндө акимдин орун басары эл менен жолугуп, алардын талабы аткарыларын билдиргени кошумчаланды.






13.02.23.

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
13.02.2023. 15:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Теманар митинг деп турат ичине кирип окусаң нааразычылык акция деп турат укмуш элесинер супер инфо
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: