super.kg logo

Кыргыз куткаруучулары бир аптада 104 жарандын сөөгүн чыгарышты

 

Бүгүн, 13-февралда кыргыз куткаруучулары Түркиянын башка аймагында издөө иштерине чыгышты. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Түркиянын Кахраманмараш шаарында кыргызстандык куткаруучулар бир жума аралыгында издөө-куткаруу иштеринин натыйжасында урандылардын астында аман калган 4 адамды жана каза болгон 104 адамдын сөөгүн чыгарып беришти.

Ал эми бүгүн, 13-февралда кечээ жетишкен 80 куткаруучу жана издөө-куткаруу иштерин аткарып жаткан 67 куткаруучу менен биргеликте таң эрте Кахраманмараш шаарынан 15 мүнөттүк алыстыкта жайгашкан райондогу талкаланган урандылардан издөө иштерин улантышмакчы.
Куткаруучулар жаңы бөлүнгөн аймакка издөө иштерине ӨКМ министринин биринчи орун басары Азамат Мамбетов жана министрдин орун басары Эделбек Кулматовдун жетекчилиги менен чыгып кетишти.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: