Түлөбаев: "Сабатсыз министр, кеңешчилер, президентти уят кылып бүтмөй болдуңар!"

Анда Чек арадагы өткөрүү пунктуларында мамлекеттик көзөмөл маселелери боюнча мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү долбоору каралып жаткан.
Жыйында эл өкүлү алып келген мыйзам боюнча бир министрлик экинчисине каршы чыгып жатканын айтып, өкмөт мүчөлөрү өз ара келише албай жатса, мыйзам долбоору сегиз фракциядан турган парламенттен колдоо таппай турганын белгиледи.
"Министрликтер өз ара иштебей жатасыңар, координация жок. Кандай өкмөтсүңөр силер? Президентти, бизди уят кылып жатасыңар. Алып келген мыйзам боюнча бир министрлик экинчисине каршы чыгып атат. Уят барбы, бет барбы силерде? Анан биз кантип колдоп беребиз?" - деди Түлөбаев.
Ошондой эле ал мыйзам долбоорун алып келерде министрликтер өз ара сүйлөшүп, бир пикирге келиши керектигин, баяндамачы да жакшы түшүндүрө албай жатканын айтып, кызматтарын так аткарууга чакырды.
"Президентти уят кылып бүтмөй болдуңар - тегерегиндеги сабатсыз министрлер. Ошол тегерегиндеги кеңешчилер туура эмес айтып жатып, жакшы иштеринин баарын ит акмагын чыгардыңар. Урматтуу Садыр Нургожоевич, мындай иштерди жасап, буларды өзгөртүү зарыл деп айтышыңар керек да. Антпейсиңер, жадакалса бири-бириңер менен координацияңар жок. Анан айтса эле жаман көрөсүңөр, жаман көрсөңөр жармаңарды бербей эле койгула", - деди эл өкүлү.
Жогорку Кеңеш 13.02.23.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:58
2025-06-25

14:29
2025-06-25

11:43
2025-06-25

11:35
2025-06-25

Рейтинг:
0

