Түркияда жер титирөөдөн каза болгондордун саны 31 миң 643кө жетти
Түркияда болгон жер титирөөдөн набыт кеткендердин саны 31 миң 643кө жетти. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, 158 миң 165 жаран жер титирөөдөн жабыркаган аймактардан башка провинцияларга эвакуацияланды.
Учурда аймактарда урандыларды тазалоо иштери уланууда. Аларга дүйнөнүн 70 өлкөсүнөн куткаруучулар жана дарыгерлер катышууда. Алардын арасында Кыргызстандан барган топ да бар.
Белгилей кетсек, 6-февралда Түркиянын түштүк-чыгышында күчү 7,7 жана 7,6 баллга жеткен катуу жер титирөө болгон. Жер силкинүү Сирия менен чек арага жакын жерде орун алган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:35
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.