super.kg logo

Кыргыз куткаруучулары урандынын алдынан бешинчи жаранды тирүү алып чыкты (видео)

 

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары Түркиядагы урандылардын алдынан бешинчи жаранды тирүү алып чыкты. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы маалымдады.

"Кыргызстандык куткаруучулар Кахраманмараш шаарындагы “Хайрылло махелеси” деп аталган аймагынан ураган имараттын арасынан 38 жаштагы Хадиче Ахар аттуу аял кишини тирүү алып чыгышты", - деп билдирди ӨКМ.

Бул Кыргызстандын куткаруучулары урандынын алдынан тирүү алып чыккан бешинчи жаран болду.

Буга чейин түрк бийлиги убакыттын өтүшү менен урандылардын астынан тирүү адамдарды табуу мүмкүнчүлүгү азайып баратканын, мындан улам унаа токтотуучу жайларга, стадиондорго жана спорт залдарга убактылуу өлүкканалар даярдалганын билдирген.






Кыргыз куткаруучулары урандынын алдынан бешинчи жаранды тирүү алып чыкты

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
13.02.2023. 22:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баары жакшы деп үмүттөнөм.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: