super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаровдун Венгрияга болгон расмий сапарынын алкагында бир катар документтерге кол коюлду

 

Президент Садыр Жапаровдун Венгрияга болгон расмий сапарынын алкагында бир катар документтерге кол коюлду. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Будапешт шаарында кыргыз-венгер биргелешкен өз-ара аракеттенүүсүн чыңдоого багытталган бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду.

Өлкө президенттери Садыр Жапаров менен Каталин Новак Кыргызстан менен Венгриянын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөө жана өнүктүрүү жөнүндө биргелешкен декларацияга кол коюшту.

Ошондой эле тараптар төмөнкү документтерге кол коюшту:

- Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги менен Венгриянын Юстиция министрлигинин ортосундагы укуктук чөйрөдө кызматташуу жөнүндө макулдашуу;

- Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги менен Венгриянын Юстиция министрлигинин ортосундагы соттук-эксперттик ишмердүүлүк жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуу;

- Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги менен Венгриянын Улуттук архивинин ортосундагы кызматташуу жөнүндө макулдашуу;

- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик менен Венгриянын Маалыматтарды коргоо жана маалымат эркиндиги боюнча улуттук органынын ортосундагы кызматташуу жөнүндө макулдашуу;

- Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Ж.Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясы жана Венгриянын Мамлекеттик кызмат университети ортосундагы кызматташуу жөнүндө меморандум

- Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин К Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академиясы жана Этвош Лоран атындагы Будапешт университети ортосундагы өз ара түшүнүшүү жана кызматташтык жөнүндө меморандум.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: