super.kg logo

Түркиядагы зилзала: Аданада издөө-куткаруу иштери аяктады

 

Түркиянын Айыл жана токой чарба министри Вахит Киришчи Аданада издөө-куткаруу иштери аяктаганын билдирди.

"Аданада издөө-куткаруу иштери аяктады. 34 жараныбызды урандылардын астынан чыгардык. 418 жараныбыз бул дүйнө менен кош айтышты. Жараткан мээримине алсын! Жабыркагандардын тез арада сакайып кетишин каалайм. Биз бардык күчүбүз менен иштөөнү улантабыз", - деп жазды ал.

Адана Түркиянын жер титирөөдөн эң аз жабыркаган провинцияларынын бири. Ал жерде да имараттар талкаланып, адамдар урандылардын астында калган. Бирок Хатай, Кахраманмараш, Адиямандагы кырсыкка салыштырмалуу бул аймак алда канча аз чыгым тарткан.

Түркиянын Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, өлкөнүн ооруканаларында 19 300 адам болсо, анын 3 600ү жандандыруу бөлүмүндө жатат.

Акыркы маалыматтарга караганда, Түркияда 6-февралда болгон жер титирөөлөрдүн натыйжасында 31 миң 643 адам каза болуп, 80 миңден ашууну жарадар болгон. Ошондой эле 6 444 имарат талкаланган.

Кырсык болгон аймактарда издөө-куткаруу жана урандыларды тазалоо иштери уланууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: