super.kg logo

Жогорку Сот Алмазбек Атамбаевге козголгон кылмыш иши боюнча чыгарылган өкүмдү жокко чыгарды

 

Азиз Батукаевдин бошотулушуна байланыштуу Алмазбек Атамбаевдин кылмыш иши боюнча чыгарылган өкүм Жогорку Соттун чечими менен жокко чыгарылды. Бул тууралуу Алмазбек Атамбаевдин тарапташы Рыскелди Момбеков SUPER.KG сайтына билдирди.

Маалыматка ылайык, мындай чечим кечээ, 13-февралда судья Кеңешбек Токтомамбетовдун төрагалыгы алдында өткөн соттук коллегияда чыккан.

"Сот Алмазбек Атамбаевдин өтүнүчүн канааттандырды. Бул иш кайрадан Биринчи Май райондук сотунда каралышы мүмкүн", - деди Момбеков.

Ошондой эле ал азыр өзү дагы Алмазбек Атамбаев абакта отурган Молдовановка айылына бара жатканын кошумчалады.

Социалдык тармактарда экс-президенттин эркиндикке чыгары тууралуу билдирүүлөр чыга баштады.

Азырынча Жогорку Сот бул маалыматты тастыктай элек.

Белгилей кетсек, Атамбаев дал ушул Батукаев иши боюнча камакта отурат. Ал эми башка иштери боюнча бөгөт чарасы аныкталган эмес.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
14.02.2023. 12:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ушул Ашанын соту бутпой койдуго тапткыр эгер Аша чыга турган болсо анда бул бийлигин дагы таза эмес Аша по жизни отуруш керек
14.02.2023. 12:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аша мыкты болчу и боло берет
14.02.2023. 14:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Соке духу жетип кады эле.бул бийлик да Батукаевди колдойт экен
14.02.2023. 17:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алкогол
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: