super.kg logo

Сот Алмазбек Атамбаевге дарылануу үчүн өлкөдөн чыгууга уруксат берди

 

Биринчи май райондук соту мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди дарылануу зарылчылыгына байланыштуу өлкөдөн чыгууга уруксат берди. Тиешелүү токтомго соттун төрагасы кол койду. Бул тууралуу райондук соттон билдиришти.

Белгилей кетсек, Жогорку соттун соттук коллегиясы адвокаттардын Атамбаевге козголгон кылмыш ишинин жаңы ачылган жагдайлары боюнча өндүрүштү кайра баштоо тууралуу өтүнүчүн канааттандырган.

Ошентип криминалдык авторитет Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча козголгон кылмыш иши Бишкектин Биринчи май райондук сотуна кайра кароого жөнөтүлдү.

Эскерте кетсек, Биринчи май райондук соту тарабынан Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошоткон деген жүйө менен мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 11,2 айга эркинен ажыратылган.

Алмазбек Атамбаев 2019-жылдын августунан бери камакта.

2021-жылдын декабрь айында Алмазбек Атамбаевдин эки иш боюнча камакка алуу бөгөт чарасы жокко чыгарылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: