super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаров Виктор Орбанды Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды

 

Өлкө башчы Садыр Жапаров менен Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан бүгүн, 14-февралда чакан жана кеңейтилген форматтарда эки тараптуу мамилелердин актуалдуу маселелери боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Венгриянын премьер-министринин резиденциясынын – Будапешт шаарындагы Кармелита сарайынын алдынан мамлекет башчысын Виктор Орбан тосуп алды.

Чогуу сүрөткө түшкөндөн кийин Садыр Жапаров менен Виктор Орбан чакан форматтагы сүйлөшүү залына өтүшүп, андан кийин жолугушуу кеңейтилген форматта уланды.

Кыргыз-венгер кызматташтыгынын жогорку деңгээлин ырастап, тараптар соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты чыңдоо жана кеңейтүү маселелерин, банк чөйрөсүндө, гидроэнергетикада, жашыл экономикада өз ара аракеттенүү мүмкүнчүлүгүн жана көп башка маселелерди талкуулашты.

Премьер-министр Виктор Орбан эки элдин тарыхый тамыры бир экендигин баса белгилеп, Кыргызстан - венгерлердин ата-баба конушу экенин белгиледи.

Ал буга чейин түзүлгөн достук жана бир туугандык мамилелер биргелешкен долбоорлорду практика жүзүндө ишке ашыруу керектигин, аларды ишке ашырууда ал башында турган Венгриянын өкмөтү бардык күч-аракетин жумшай турганын айтты.

Президент Садыр Жапаров кыргыз делегациясын жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирди. Ал эки мамлекеттин ортосундагы стратегиялык өнөктөштүккө негизделген достук жана бир туугандык мамилелерди баса белгиледи.

Мамлекет башчысы мамлекеттердин соода-экономикалык мамилелеринде болгон потенциалга өзгөчө басым жасап, аны бир нече эсеге көбөйтүү керектиги айтылды.

Садыр Жапаров ошондой эле өлкөлөр ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктүн деңгээлин жогорулатууга даяр экенин ырастады. Мындан тышкары, Мамлекет башчысы бүгүн башталган Венгер-Кыргыз бизнес-форуму эки өлкөнүн компанияларынын өкүлдөрүнүн ортосунда ишкердик байланыштарды түзүүгө жардам берерине ишеним билдирди.

Президент Садыр Жапаров Виктор Орбанды каалаган ыңгайлуу убакта Кыргызстанга сапар менен келип кетүүгө чакырды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: