super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаров Венгрияда энергетика тармагы үчүн жабдууларды чыгарган компанияга барды

 

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 14-февралда Венгрияга болгон расмий сапарынын алкагында энергетика тармагына керектүү жабдууларды чыгаруучу «Ganz Transformers and Electric Rotating Machines Ltd» компаниясынын ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти.

Мамлекет башчыга ишкананын продукциялары - жогорку чыңалуудагы электро-техникалык жабдууларды тейлөөчү трансформаторлор, электр кыймылдаткычтар жана генераторлор жөнүндө маалымат берилди.

Президент компаниянын заманбап дизайнердик жана технологиялык чечимдерди колдонуу менен продукция чыгарган цехтерин көрүп чыкты. Компания электр жабдууларын өндүрүү боюнча үч ири европалык ишканалардын бири болуп саналат, ошондой эле ар кандай колдонуу үчүн трансформаторлорду долбоорлоо жана сыноо боюнча адистешкен.

Садыр Жапаров компаниянын өкүлдөрүнөн өндүрүлгөн продукциялар тууралуу кененирээк сурап, аны ГЭСтерге орнотуу үчүн Кыргызстанга жеткирүү мүмкүнчүлүктөрүнө кызыкты.

Ал венгриялык өндүрүш кызматкерлери менен болгон баарлашууда Кыргызстандын энергетика тармагындагы потенциалы жогору экенин, бирок аны учурда 10 пайызы гана пайдаланып жатканын белгиледи.

Президент Кыргызстанда электр энергиясын өндүрүү үчүн ири суу ресурстары бар экенин жана азыр өлкө кичи жана орто ГЭСтерди массалык түрдө куруу менен энергетика тармагын активдүү өнүктүрүп жатканын айтты.

Мамлекет башчысы белгилегендей, бардык кубаттуулугун толук пайдаланган учурда, Кыргызстан электр энергиясын чет мамлекеттерге, анын ичинде CASA-1000 долбоорунун алкагында, экспортко чыгара алат.

Ишканага барып келгенден кийин Президент Садыр Жапаров аны коштоп барган тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилерине конкреттүү тапшырмаларды берди.

Венгер-Кыргыз өнүктүрүү фондунун долбоорлорунун алкагында «Ganz Transformers and Electric Rotating Machines Ltd» компаниясы менен кызматташуу күтүлүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: