super.kg logo

Министрлик Түркиядагы боз үйлөр казактарга таандык деген кептерге жооп берди

 

Түркиянын Кахраманмараш шаарында жер титирөөдөн жапа чеккендер үчүн тигилген боз үйлөр Кыргыз өлкөсүнө таандык. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги расмий түрдө билдирүү жарыялады.

“Түркияда тигилген боз үйлөр казак элине таандык деген видеомаалыматтар социалдык тармактарга тарап, интернет колдонуучуларынын кызуу талкуусун жаратууда. Ал тургай бул видео коомчулуктун нааразычылыгын туудуруп жатат.
Мындан улам тактоо иретинде билдирсек, Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровдун демилгеси менен жер титирөөдөн жабыркаган түрк боордошторго боз үйлөр гуманитардык жардам катары 12-13-февралда жөнөтүлгөн", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев 13-февралда Кахраманмараш шаарындагы атайын тилкеге тигилген боз үйлөр шаарчасына барып, кыргыз эли жиберген гуманитардык жардамды өткөрүп берген. Ошондой эле андагы кыргыз куткаруучулары жана вандык кыргыздардан кабар алган.





Түркиядагы боз үйлөр

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: