super.kg logo

Тажикстанда кар көчкүдөн 10 адам каза болду

 

Тажикстанда 15-февралдагы кар көчкүнүн кесепетинен 10 адам каза болду. Бул тууралуу аталган өлкөнүн өкмөтүнө караштуу Өзгөчө кырдаалдар жана жарандык коргонуу комитети билдирди.

Маалымдалгандай, Хорог шаарында сегиз жергиликтүү тургун набыт болуп, 22 турак үй талкаланды.

Ал эми Дүйшөмбү-Варзоб унаа жолунун 65,8-чакырымында кар көчкү алдында калган 4 унаанын биринин айдоочусу да көз жумган.

Ванж районунда болсо кар көчкү астында калып, Техарв шаарынын тургуну каза болгон. Анын сөөгүн жергиликтүү эл таап, туугандарына өткөрүп беришкен.

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон кар көчкүдөн жабыркаган Бадахшандын тургундарына тез жардам көрсөтүүнү тапшырганын өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Тажикстандын синоптиктери республиканын тоолуу аймактарында кар көчкү жана таш түшүү коркунучу 19-февралга чейин сакталарын эскертишти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: