super.kg logo

Кыргыз куткаруучу: "Кош бойлуу түрк келинин тирүү куткарып калдык"

 

Түркияда ӨКМнын куткаруучулары издөө-куткаруу иштерин улантууда. Учурда Кахраманмараш шаарында иштеп жаткан куткаруучу, котормочу Темирлан Жумамүдүнов 8 күн ичинде аны таасирленткен куткаруу окуясы менен бөлүштү.

Анын айтымында, кыргыз куткаруучулары 8 күн ичинде 5 адамды аман куткарып алышты.

"Анын ичинен эсимден эч кетпей турган окуя - 21 жаштагы кош бойлуу түрк келинин тирүү куткарып калган күн болду. Ошол күнү кыргыз куткаруучулары иштеген тилкеде жардам сурагандай үн чыкты. Үндү уккан куткаруучулар аны аман чыгарууга жандалбастадык. Бир саат аралыгында бетонду ачканыбызда диванда жаткан абалда, анын кыймыл-аракети чектелүү экен. Алгач ага суу берип, уранды алдынан кош өмүрдү чыгарып алдык. Кийин туугандарына өткөрүп бердик. Бул окуядан кийин куткаруучу экениме, ушул кесипти тандаганыма аябай сыймыктандым", - деп эскерди Жумамүдүнов.

Маалымат үчүн: Түркия жана Сириядагы катуу жер титирөөнүн курмандыктары 36 миңден ашты.

Видео: ӨКМ






Видео

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: