Электр энергиясынын тарифин 1 сомго жогорулатуу, лимитти эки эсе көтөрүү пландалууда

Азыркы тапта айына 700 киловатт-саатка чейин керектөөдө калк 77 тыйындан, андан ашканда 2 сом 16 тыйындан төлөйт. Ал эми ишкана, уюмдар үчүн өзүнчө тариф каралган.
"Электр энергиясынын баасын реалдуулукка жеткирүү үчүн ошондой эле электр тогу менен үзгүлтүксүз камсыздоо максатында 1-майдан тарта тарифти 1 сом кылуу (салыктарды эсепке албаганда) сунушталууда. Тарифтин жогорулашына байланыштуу арзан электр энергиясынын лимитин 700дөн 1 500 киловатт-саатка жогорулатуу керек болот. Ал эми мындан ашканда 2,16 сом бойдон калат", - деп жазылат анда.
Ошондой эле "Үй-бүлөгө көмөк" жөлөк пулун алган аз камсыз үй-бүлөлөргө тарифти мурдагыдай эле калтыруу (50 тыйын, лимит 1 500 киловатт-саат) пландалып жатат.
Буга чейин өлкө башчы Садыр Жапаров калк үчүн электр энергиясына тарифтер 1-майдан тарта көтөрүлөрүн билдирген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:13
2025-06-26

14:58
2025-06-25

14:29
2025-06-25

Рейтинг:
0

