super.kg logo

Билим берүү министрлиги мектепке күчүк алып келген окуучунун окуясы боюнча билдирүү таратты

 

Билим берүү жана илим министрлиги мектепке күчүк алып келген окуучу баланы мугалими урушуп жатканы боюнча интернет тармактарына тараган видео тууралуу билдирүү таратты.

Аталган окуя ушул жылдын 13-февралында Баткендин Кадамжай районундагы Б.Айтматов атындагы №5 гимназия-мектебинде II сменанын биринчи сабагында болгон.

"4-класстын окуучусу күчүк алып келгендиктен класс жетекчиси А.З. бир аз урушуп, соцпедагогду чакырган. Ал окуучуга мындай нерсени башка кайталабоону эскертип, директорго алып кирген. Андан кийин окуучунун колун жуудуруп, класска киргизген", - деп айтылат билдирүүдө.

Министрликтен билдиришкендей, видеодогу көрүнүшкө жол бергени үчүн аталган мектептин директоруна жана соцпедагогуна эскертүү, ал эми видеону тарткан мугалимге жана окуучуга орой мамиле жасаган мугалимге катуу эскертүү берилип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт.

Учурда бул окуя боюнча аймактык администрация тарабынан да териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.

"Видеодогу куралчан кызматкер коопсуздук кызматкери эмес, аскерге чейинки даярдык сабагынын мугалими сабактан чыгып бара жаткан учурда видеого түшүп калган", - деп кошумчалашты министрликтен.






Видео

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
16.02.2023. 15:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Суйлогон создору мугалим эмес эле кайдагы кочодогу же базардагы ажаан катындардайго булардын.Кантип мугалимболуп иштеп журушот
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: