super.kg logo
  Саясат  

"Өлүп алалыбы?". Парламентте Жапаров менен Мадумаров кайым айтышты (видео)

 

Бүгүн, 16-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Адахан Мадумаров менен министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кайым айтыша кетти.

Мадумаров эмне үчүн министрлер кабинети Конституциялык сотко доо арыз менен кайрылганын сурады.

"Кечээ министрлер кабинети пенсия, жөлөк пулга тиешелүү 44-берене боюнча Конституциялык сотко кайрылганы тууралуу маалымат чыкты. Эмне үчүн кайрылдыңыз?" - деп сурады Мадумаров.

Акылбек Жапаров ар бир өлкө мүмкүнчүлүгүнө жараша пенсия төлөп жатканын, ошондуктан Конституциялык сотко кайрылганын айтты. "Биз түшүндүрмө сурадык", - деп жооп берди өкмөт башчы.

Мадумаров суроого ишенимдүүрөөк жооп берүүнү суранды.

"Мурда абдан ишенимдүү жооп берчү элеңиз. Эми болсо жооп берсемби, бербесемби, сүйлөсөмбү, сүйлөбөсөмбү, мындай жандуураак болсоңуз. Билем, даражаңыз бийик. Бирок так жооп бериңиз!", - деди депутат.

Акылбек Жапаров бул өтүнүчкө ачууланып, ага кандай жооп берерин айтпай коюуну өтүндү.

"Мен сизден улуураакмын, даражам дагы улуураак. Ошон үчүн мага акыл үйрөтпөй эле койсоңуз", - деди Жапаров.

Эске салсак, буга чейин Конституциялык соттун судьялар коллегиясы Конституциянын 44-беренесинин 2-бөлүгүнө расмий түшүндүрмө берүү боюнча министрлер кабинетинин сунушун кароого кабыл алганы белгилүү болгон. Анда пенсиялар, социалдык жөлөкпулдар жана башка социалдык жардамдар мыйзамда белгиленген жашоо минимумунан төмөн эмес жашоо деңгээлин камсыздайт деп айтылат.






"Өлүп алалыбы?". Парламентте Жапаров менен Мадумаров кайым айтышты

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: