Ажикеев Түркияда көп үйлөрдүн урап калгандыгынын болжолдуу себебин айтты
Түркияда турак үйлөрдүн кыйрашына эң биринчи кезекте алардын сапаты начар болгондугу себеп болгон. Бул тууралуу бүгүн, 16-февралда Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев парламентте билдирди.
"Түркияда абал аябай оор. Үйлөрдүн көбү урап калган. Бирок ошол кыйраган үйлөрдүн арасында өзгөчөлүк болуп жатат. Мисал катары ошол эле Кахраманмараштагы 9 турак жайдан турган бир конушту алалы. Анын ичинен 2 үй түп орду менен талкаланып калса, 4 үй жарака кетип, бирок кыйроого учураган эмес, дагы үчөөндө керек болсо жарака дагы кеткен эмес. Бизде бул эң биринчи кезекте бетондун сапатынын начардыгынан, цементтин аздыгынан болгон деген ойго келдик", - деди Ажикеев.
Эске салсак, Кыргызстандан Түркияга жер титирөөнүн эртеси күнү, 7-февралда 67 куткаруучу жана издөө иштерине үйрөтүлгөн 2 ит жөнөтүлгөн. Андан соң 12-февралда 80 куткаруучусу менен бирге үч дарыгер жана үч жумушчу жөнөп кеткен. Ошондой эле үй-жайсыз калгандардын убактылуу баш калкалоосу үчүн 78 боз үй берилип, Кахраманмараш шаарында тигилген. Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев өзү да зилзаланын очогу болгон Кахраманмараш шаарына барган эле.
Жогорку Кеңеш 16.02.23.

