super.kg logo

Түркияда жер титирөөдөн 248 сааттан кийин 17 жаштагы кыз куткарылды (видео)

 

Түркияда катуу жер титирөөдөн кийин урандылардын астында 248 саат жаткан 17 жаштагы кыз куткарылды. Бул тууралуу жергиликтүү TRT телеканалы билдирди.

Ал Кахраманмараш шаарынын Каябашы районунун жашоочусу экени айтылды. Жабырлануучу урандылардын астында 11 күн жаткан. Учурда ал ооруканага жаткырылган.

Эске салсак, 6-февралда Түркияда күчү 7,7 жана 7,6 баллга жеткен эки жолу катуу жер титирөө болгон. Расмий маалыматтар боюнча 36 миңден ашуун адам кырсыктын курмандыгы болду.

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын айтымында, бул жолку жер титирөөлөр 1999-жылы өлкөдө 18 миңден ашуун адамдын өмүрүн алган жер титирөөдөн үч эсе күчтүү. Мамлекет башчы ошондой эле кыйроолор да үч эсе көп болгонун билдирди.






Түркияда жер титирөөдөн 248 сааттан кийин кыз куткарылды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: