super.kg logo

Атамбаевдин камактан бошотулушу: Сот билдирүү жасады

 

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин өлкөдөн чыгып кетишине байланыштуу ММКда жана социалдык тармактардагы жарандардын көптөгөн билдирүүлөрүнө байланыштуу Биринчи Май райондук соту билдирүү жасады.

Соттун билдирүүсүндө Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Атамбаев айыпталуучу катары өтүп жаткан эки кылмыш иши каралып жаткан.

Биринчи кылмыш иши - 2019-жылдагы Кой-Таш окуялары боюнча, экинчиси - 2010-жылдагы июнь окуялары боюнча иш.

"Атамбаевдин 2019-жылдагы Кой-Таш окуялары боюнча кылмыш иши боюнча кылмыш-жаза процессуалдык кодексинде белгиленген бир жылдык камакка алуу мөөнөтү аяктаган. Азыркы учурда бул кылмыш иши жабырлануучулар менен күбөлөрдү суракка алуу стадиясында турат, бул иш боюнча сот өз өкүмүн чыгара элек. Иш боюнча айыпталуучулар толук акталды деген пикирге келүү эрте.

Алмазбек Атамбаевге карата жогоруда көрсөтүлгөн кылмыш иштери боюнча бөгөт коюу чарасы тандалган эмес, анткени ал А.Батукаевди мыйзамсыз бошотуу фактысы боюнча кылмыш иши менен чыккан соттун өкүмүнүн негизинде жазасын өтөп жаткан. А.Батукаевди мыйзамсыз бошотуу фактысы боюнча иш жаңы кароого түштү", - деп билдиришти Жогорку Соттон.

Эскерте кетсек, 14-февралда мурдагы президент Алмазбек Атамбаев соттун чечими менен эркиндикке чыккан. Ал эртеси, 15-февраль күнү үчүн чет өлкөгө учуп кеткен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
16.02.2023. 21:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ээми кайра камай алмак белеңер
17.02.2023. 09:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Asmat84 бул киши кайра эле кармалат мен сезим атам
16.02.2023. 22:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Пьеса
17.02.2023. 10:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Атамбаев кайра камалбаса, Атамбаевди бошоткон сотту камагыла. Соттор дагы жазасын алышсын!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: