Бишкекте энесин жана 2 баласын өлтүргөн окуя: Шектүү спорт чебери болгон
Бүгүн, 17-февралда ИИМ Бишкек шаарында 3 адамдын өлүмүнө шектүү жаран кармалганын билдирди.
Кылмышка шектүү 1986-жылы туулган Ч.А. аттуу Баткен облусунун Кадамжай районунун тургуну. Ал кармаш урушуу боюнча спорт чебери. 7-чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаттыгына бир мандаттуу шайлоо округу боюнча ат салышканы белгилүү болду.
Белгилей өтсөк, борбор калаанын 5-кичи районунда энеси, кызы жана уулунун денесине оор залал келтирилген жансыз денеси табылган. Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза Кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) кылмыш иши козголгон.
Кылмышка шектүү катары 36 жаштагы Ч.А. аттуу Баткен облусунун тургуну кармалган. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:44
2025-06-26
12:02
2025-06-26

11:23
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.