"РИА Новости" агенттиги жоюлду
Орусия президенти Владимир Путин "РИА Новости” маалымат агенттигин жоюу жана анын базасында “Орусия бүгүн” деген жаңы агенттик түзүү буйругуна кол койду. Жаңы түзүлүштүн башчылыгына белгилүү журналист Дмитрий Киселёв дайындалды. Бул тууралуу Кремлдин сайты кабарлады. Жаңы агенттик чет өлкөлөрдө Орусиянын мамлекеттик саясатын жана коомдук турмушун чагылдырып турмакчы. Ошол эле буйрук менен “Орусия авазы” мамлекеттик радиокомпаниясы жоюлуп, анын мүлкү жаңы агенттикке өтүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:28
2025-07-04
10:40
2025-07-03
Рейтинг:
0

