super.kg logo

Класска күчүк алып келген окуучунун окуясы: Мугалим коомчулуктан кечирим сурады (видео)

 

Социалдык тармактарда класска күчүк алып келген окуучуну урушкан мугалимдин коомчулуктан кечирим сураган видеосу тарады.

Ал эмоцияга алдырып койгонун айткан.

"Мындай көрүнүштөр көп эле болуп келген. Кайра кайталанбашы үчүн баланы тартипке чакыруу максатында жакшы эле ойдо урушуп койгом. Эмоцияга алдырганым үчүн коомчулуктан кечирим сурайм", - деген ал.

Эскерте кетсек, 13-февралда Баткен облусунун Кадамжай районундагы Ч.Айтматов атындагы №5 мектеп-гимназиянын 4-классынын окуучусу мектепке күчүк алып келгени үчүн аны класс жетекчиси катуу тилдеген. Бул окуя тартылган видео социалдык тармактарга тарап, колдонуучулар арасында сынга кабылган.

Өлкөнүн Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан окуя боюнча мектеп директоруна жана соцпедагогго эскертүү, видеотасмага жана окуучуга орой мамиле жасагандыгы үчүн мугалимге катуу сөгүш берилген.






Класска күчүк алып келген окуучунун окуясы: Мугалим коомчулуктан кечирим сурады

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
17.02.2023. 16:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мугалим окуучуну антип катуу урушпаш керек болчу
17.02.2023. 23:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Сабатсыз экени билинип турат
17.02.2023. 23:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эмнеге согуш бересинер мындай айбандар иштешке акысы жок. Озундо жок тарбияны кантип башкага берет. Ал баланы мектептен айдап салын деп атат билими базардагы ажан эжелердикиндей экен. Мектептен баланы айдаса болбошун билбейт бекен.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: