super.kg logo

Бишкекте эркек кишини күч менен унаага салып, андан акча талап кылган 4 жаран кармалды

 

Бишкекте уурулукка шектелген 4 жаран кармалды. Бул тууралуу Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалымдалгандай, милицияга арыз менен 17-февраль күнү К.С. аттуу жаран кайрылган. Анда чала таанышы жана үч белгисиз адамга чара көрүүнү суранган.

Аны 17-февраль күнү саат 12:00 чамасында "Восток-5" кичи районунда Мазда 626 үлгүсүндөгү унаага салып, физикалык күч колдонуу менен коркутуп, 200 миң сом акча талап кылышкан. Ошондой эле алар арыз ээсинин телефонун алып, борбордун белгисиз жерине таштап кетишкен.

Бул факты каттоого алынып, Кылмыш-жаза кодексинин “Адам уурдоо” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Анын натыйжасында 1984-жылы туулган М.М., 2000-жылы туулган К.А., 1986-жылы туулган Д.К., 1994-жылы туулган А.А. аттуу жарандар колго түшүрүлгөн. Алар Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Бул кылмыш ишинин алкагында бардык керектүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери уланып жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
19.02.2023. 16:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Арам тамактар
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: