super.kg logo

Түркиядагы жер титирөө: Тирүү экени айтылган ганалык футболчунун сөөгү табылды

 

Бүгүн, 18-февралда футбол боюнча Гана улуттук курама командасынын жана Түркиянын "Хатайспор" футболдук клубунун жарым коргоочусу Кристиан Атсунун урандылардын алдынан жансыз денеси табылды. Бул тууралуу спортчунун агенти Мурат Узунмехметтин билдирүүсүнө таянып, чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

"Кристиан Атсу табылды. Тилекке каршы, ал каза болду", - деп жазылат анда.

Белгилей кетсек, жер титирөөдөн кийин команданын айрым футболчулары урандылардын алдынан чыгарылган. Бирок Кристиан Атсу жана клубдун директору Танер Савут табылбай, дайынсыз болуп жаткан.

Буга чейин 7-февралда "Хатайспор" клубунун менеджери Мустафа Озат Атсу урандылардын алдынан чыгарылып, ооруканага жаткырылгандыгын билдирген. Кийинчерээк клубдун өкүлдөрү футболчу табыла электигин маалымдашкан.

31 жаштагы Кристиан Атсу Англиянын "Челси" жана "Ньюкасл" футболдук клубдарында да ойногон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: