super.kg logo

Оштогу медреседе 12 жаштагы бала сабалып, комага түштү. Шектүүлөр жоопко тартылган жок

 

Ош облусундагы медреседе 12 жаштагы бала денесинен оор жаракат алды. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 9-декабрь күнү Ноокат райондук ички иштер бөлүмүнө кабар келген. Анда Ноокат районунун Көк-Жар айыл аймагынын 12 жаштагы тургуну М.А. денесинен жаракат алып, жандандыруу бөлүмгө түшкөн.

Аталган окуя Ноокат РИИБдин маалыматтык электрондук журналына катталып, "ден соолукка оор залал келтирүү" менен кылмыш иши козголгон. Тергөөнүн жүрүшүндө соттук-медициналык экспертиза дайындалып, экпертизанын корутундусуна ылайык, 12 жаштагы М.А. денесинен оор жаракат алгандыгы аныкталган. Кылмыш ишинин жүрүшүндө күбөлөр суралган.

"Рауза атындагы медресенин тиешелүү уруксат кагаздары жок болгондуктан, ал медресени жабуу боюнча тиешелүү мекемелерге сунуштар жиберилди. Тергөө амалдарынын жүрүшүндө жогорудагы кылмышты 13 жаштагы К.К., М.Э., М.А., жана 12 жаштагы Э.А. тарабынан жасалгандыгы аныкталып, алардын кыймыл-аракеттеринде кылмыштын курамы бар экендиги такталган. Бирок окуя болгон учурда жогорудагы жаш балдардын жаш курагы 13 жашта болгондуктан кылмыш иши өндүрүштөн кыскартылган. Ошол эле учурда кылмышка шектүүлөр атайын каттоого алынып, ата-энелерине айып пул салынган. Бул жагдай боюнча нараазы болгон маселе боюнча жабырлануучу тарап жарандык тартипте сот органдарына кайрылууга укуктуу", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: