super.kg logo

Жалал-Абадда тойдо асманга 10 жолу ок аткан жаран кармалды

 

Жалал-Абад облусунда той учурунда асманга ок аткан жаран милицияга алып келинди. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, 19-февраль күнү той учурунда (ЗАГС) жүрүп бара жаткан БМВ үлгүсүндөгү унаанын үстүнөн белгисиз жаран ок атуучу куралдан ок чыгаргандыгы боюнча видео социалдык тармактарга тараган. Бул факты электрондук журналга катталып, териштирүү иштери башталган.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында ок аткан жаран Жалал-Абад шаарынын тургуну 1995-жылы туулган М.А. экендиги ошол эле күнү такталып, саат 14:00 чамасында милиция бөлүмүнө алып келинген. Ал Сузак районунун Октябрь айылында тойдо жүрүп, БМВ үлгүсүндөгү унаанын үстүнөн өзүнө таандык Сайга МК-01 ок атуучу куралынан асманга 10 даана ок чыгаргандыгы белгилүү болгон.

Азыркы учурда ок атуучу куралга соттук-баллистикалык экспертиза дайындалып, бул жорукка юридикалык баа берүү максатында текшерүү иштери жүрүп жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: