"Аба сиренасы жаңырып". Жо Байден күтүүсүздөн Киевге барды (видео)
АКШ президенти Жо Байден күтүүсүз визит менен Киевге барды. Аны менен Украинанын президенти Володимир Зеленськийдин Киевдеги жолугушуусу тартылган видео интернетке тарады.
Видеодо көрүнгөндөй, президенттердин жолугушуусу учурунда аба чабуулунун сигнализациясынын үнү угулуп турат. Байдендин келишинин астында шаардын борбору таң эртеден баштап тосулган.
Бүгүн, 20-февралда АКШ президентинин Польшага эки күндүк сапары пландалган. Анын Киевге сапарын Ак үй бир нече жолу четке каккан.
Польшанын маалымат каражаттары бул күндөрү Украинанын президенти Володимир Зеленський да Польшага келерин жазышты.
Жо Байден күтүүсүздөн Киевге барды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.