super.kg logo

"Бөтөн жерде жолугушуу өтө уят". Адахан Мадумаров экс-президенттердин Дубайдагы жолугушуусун сынга алды

 

Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров экс-президенттердин Дубайдагы жолугушуусун сынга алды.

Депутаттын айтымында, муну менен азыркы бийлик арыгын алдын-ала чаап жатат.

"Эл үчүн иштейбиз деп жүргөн азаматтардын баары өздөрүнүн маселесин бөтөн жерге барып, жашыруун түрдө жолугушуусу бул өтө уят маселе. "Баарын бир столго бириктирдим" деп жатпайбы, отургуза турган болсо касиеттүү Кыргыз жери бар. Ушул жерде эл үчүн, мамлекет үчүн иштейбиз деп ант ичишкен. Ушул жерге келип жыйналса, кепилдик беришсе дагы жакшы болмок.

Жеке кишинин пикири менен улуттун пикирин аралаштырбаш керек. Ал сенин пикириң, бири-бири менен кечиришеби, кечиришпейби ал алардын жумушу. Мунун негизги максаты ошол жактагы президенттердин тагдыры же мамлекеттин келечеги эмес, азыркы бийлик өзүнүн арыгын алдын-ала чаап жатат", - деди Мадумаров.

Белгилей кетсек, өлкө башчы Садыр Жапаров 18-февралда мурдагы президенттер Аскар Акаев, Курманбек Бакиев, Роза Отунбаева, Алмазбек Атамбаев, Сооронбай Жээнбековду чогултуп бир столго отургузганын айткан.

Мамлекет башчысынын билдирүүсү коомчулукта кызуу талкууга алынды.

Бул боюнча президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков талаш-тартыштар жаралып, негизсиз тыянак чыгаруулар орун алып жатканын билдирди. Ал мамлекет башчысы мурдагы президенттердин кайсы бирин мыйзам жоопкерчилигинен бошотуп, аларды өлкөгө кайтарып келүү жөнүндө сөз айтпагандыгын белгилеген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(9)
21.02.2023. 10:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Былжырабачы сага башына алтын куйса да жакпайт чүчөк Маду
21.02.2023. 10:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ит экенсин мадумаров ит ит дагы сенчелик ичи тар болбосо керек
21.02.2023. 10:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Озунун колунан аттын мынтыгы келбейт анан суйлосо акылман
21.02.2023. 11:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Колуңдан поктун иши келбегенден кийин сүйлөбөй эле койчу. Кыргызстанда жолукса, канчалар ушул президенттин тушунда өлдү эле. бул элди ойлобогондук, урматтабагандык демексиң.
21.02.2023. 12:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аферисттин жугунду андыган кучуктору борсулдап чыгыштыбы "алакуш" десе эле?....
21.02.2023. 12:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул Адахамжонго адам жагабы өзү,бардык жугундуга башын салган ит.
21.02.2023. 14:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Мунарбек, бир сен кем элен, жугундукор
21.02.2023. 17:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мадумаровго жанында жаткан аялы жакпай, анысы кетип калган, анан башкасы жагабы.
22.02.2023. 00:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чындыкты айтып жатса, акыл эси бираз томон адам же фейк жаман комент жазат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: