Түркиядагы акыркы жер титирөөдөн жабыркагандардын саны 562ге жетти
Түркиядагы акыркы жер титирөөдөн жабыркагандардын саны 562ге жетти. Бул тууралуу Түркиянын саламаттыкты сактоо министри Фахреттин Кожа билдиргенин “Анадолу” агенттиги жазып чыкты.
Алты адам каза болду. Жабыркагандардын 18инин абалы өтө оор деп бааланууда. Алар Адана жана Дөртйол ооруканаларына жеткирилген.
Эскерте кетсек, 20-февралда Хатай провинциясында жер силкинүү болгон. Учурда ал жерде издөө-куткаруу иштери жүргүзүлүүдө.
Буга чейин 6-февралда таңга жуук Түркияда очогунда 7,8 баллга жеткен катуу жер титирөө катталып, андан көп өтпөй эле күчү 7,6 баллга жеткен экинчи жер силкинүү орун алган.
Акыркы маалыматтарга караганда, кырсыктан 42 миң 310 адам көз жумуп, 110 миң киши жабыркады.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:35
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.