super.kg logo

Токио Олимпиадасында медаль уткан казак спортчусу 8 жылга дисквалификацияланды

 

Казакстандык оор атлетчи, "Токио-2020" жайкы Олимпиада оюндарынын коло байге ээси Игорь Сон сегиз жылга бардык турнирлерден четтетилди. Бул тууралуу казак басылмалары жазышты.

Маалыматка ылайык, анын допингге каршы тести оң натыйжа берген. Анын денесинен метастерон табылган.

Бул оор атлетчинин карьерасындагы биринчи допинг чатагы эмес. 2015-жылы ал дагы жаштар арасындагы дүйнө чемпионатынан кийин дисквалификацияланган, бирок допинг-дары анын денесине био кошумча аркылуу киргенин далилдей алган.

Эл аралык Олимпиада комитетинин (ЭОК) эрежелерине ылайык, эгер спортчу допинг эрежесин бузганы үчүн дисквалификацияланып, андан соң Олимпиада оюндарында медаль утуп алса, анда ал спортчунун медалы жокко чыгарылышы керек. Адатта, ЭОК бардык даттануулар жана допинг-контролдук протоколдор толтурулгандан кийин медалдарды жокко чыгарат.

Кошумчалай кетсек, Игорь Сондун жаңы допинг эрежесин бузуусу андан да оор кесепеттерге алып келиши мүмкүн, анткени бул анын карьерасындагы экинчи допинг чатагы. Балким, ал узак мөөнөткө четтетилип, көп жылдар бою мелдештерге катыша албайт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: