super.kg logo

Бишкекте опузалап акча талап кылууга шектүүлөр кармалды

 

Бишкекте опузалап акча талап кылууга шектүүлөр кармалды. Бул туурасында Ички иштер министрлигинен кабарлашты.

Ушул жылдын февраль айында 39 жаштагы жаран милицияга кайрылган. Анда Бишкек шаарынын Тунгуч кичи районунан күч колдонуу менен коркутуп акча талап кылганын билдирген.

Анын айтымында ага кол салгандар өздөрүн кылмыш дүйнөсүнүн өкүлдөрүбүз деп тааныштырып, күч колдонуп, 4000 доллар талап кылышкан.

Бул факты каттоого алынып, кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында кармалган шектүүлөрдөн мурда белгиленген 25 000 сом акча каражаты табылып алынган.

Алар мурда оор кылмыштарды жасагандыгы үчүн бир нече жолу кылмыш жоопкерчилигине тартылган Нарын облусунда 1991-жылы туулган А.уулу А. жана Жалал-Абад облусунда 1993-жылы туулган М.Т. экендиги аныкталган.

Учурда аталган кылмыш иш боюнча иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: